Menu

Башпрокурор Жолдубаева Ысык-Көл облустук прокуратурасынан суроо-талап алабы?

Бөлүшүү:

Эзели тынчыбаган Балыкчы шаарынан редакциябызга кайрадан куш тилиндей кабар түштү. Тереңине үңүлсөк, Балыкчы шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн үстүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына каржылык мыйзам бузуулар боюнча арыз түшкөнү, ага ылайык шаардык мэриянын маданият бөлүмүн текшерүү иштери жүргүзүлгөнү каңкууланды.

Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын Ысык-Көл, Балыкчы, Тоң райондору боюнча өкүлчүлүгү аталган шаардык мэриянын маданият кызматы тарабьшан 400 миң сомдон ашуун тартип бузууларды чубап чыгышып, дал ушундай мыйзамсыздык боюнча кыңыр ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасына беришсе, облустун мыйзам көзөмөлдөө органы мындай ыраатсыздыкка көз жумду мамиле кылышкандары чынбы? Ысык-Көл облусунун прокурору Майрамбек Таалайбеков бул боюнча эмне дейт? Облпрокурордун жаңыдан кызматка келээри менен тескери иштерден аты чыкса, өзүнө эле жаман да, туурабы? Же сөзсүз эле мындай иштер менен башпрокурор Индира Жолдубаеваны гезит аркылуу кабардар кылыш керекпи? Же жеринде чечилчү ишти жогорку жакка сүйрөйбүзбү?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: