Эми Иса Өмүркуловдун тажрыйбасын, дараметин кыргыз коомчулугуна тааныштыруунун кажети деле жок. Эгер өкмөт башына досу Атамбаев көрсөтсө, Жогорку Кеңештин колдоосуна татып, оор кырдаалда кыргыз элинин түйшүгүн көтөрүп, жаңы чыйырды салып, өлкөдөгү туруктуулукту да камсыздайт эле. Кызык, неге мындай татыктуу адамга жол ачпайбыз (?), аны саналуу гана адамдар билет эй. Болгону кызганыч… Экинчи маселе, дагы бир кандидат. Буга чейин 1-вице-премьер болуп келген Мухамметкалый Абулгазиев саясаттан алыс, интрига менен баш оорусу жок, болгону өзүнүн милдетин так аткарган, эмгекчил жигит экенин билебиз. Эгерде Иса мырзадан кызганып ыраа көрбөсөк, мына Абулгазиев турбайбы, а неге бу жигитти көтөрө албайбыз? Кыргызстан качан өнүгөт? Ишбилги кадрлар келгенде гана алдыга жылабыз да…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ