Menu

Ашхабадда транспорт кыймылына чектөө киргизилет

Бөлүшүү:

Түркмөнстан бийлиги 1-сентябрдан тарта Ашхабадда транспорт кыймылына кескин чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын укук коргоо органдарындагы жеке булактары билдиришкендей, мындай чара Азиада-2017 оюндарын өткөрүүгө байланыштуу киргизилүүдө.

Маалыматтарга караганда, чектөөлөр облустук жана шаардык номурларга ээ унааларга тиешелүү болот.

Түркмөн бийлиги бир нече ай мурда эле борборго облустук номурлар тагылган унаалардын киришине чектөө киргизип, шаарда транспорт кыймылы кескин азайган.

Ашхабаддын тургундарынын биринин айтымында, шаарда жеке унааларга чектөө киргизилгенден кийин таксиде жүрүү акысы бир топ кымбаттады.

Азия оюндары Түркмөнстан борборунда 17-27-сентябрь аралыгында өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: