“2010-жылы парламенттик шайлоодо Кыргызстандын премьер-министри эч бир партияга тиешеси жок, техникалык премьер Амангелди Муралиев болчу. Ал шайлоодо эч бир партияга жан тарткан жок. Ошондуктан оппозициялык “Ата-Журт” партиясы утуп чыккан”, – деп билдирди парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта өткөн кезексиз сессиясында.
“Азыр тилекке каршы иш жүзүндө бир партиялуу өкмөт, анан силердин КСДПнын өкүлү президенттикке баратпайбы? Бул биринчи күмөн саноо. Экинчи күмөн саноо – шайлоого аз калганда эле түрмөдөгү лидерлер чыгып атса анан эл ойлойт да шайлоого баары керек болуп калдыбы деп. Анан Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы кадамдары да күмөн туудуруп жатат.”, – деди Каныбек Иманалиев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ