2017-жылдын 22-25-август күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын Билим берүү мекемелеринин мугалимдерине окуулар өткөрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ош шаарынын Учар айылындагы 2017-жылдын 22-25-август күндөрү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу борборунда Билим берүү мекемелеринин “Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери” сабагынын мугалимдерине окуулар өткөрүлдү.
Окуулар Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы, коопсуз мектеп, жалпы билим берүү уюмдарында өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралардын тартиптери боюнча окуу өткөрүлдү.
КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары сабакты лекция-презентация түрүндө өткөрүлүп, окуу процессинин жүрүшүндө мектепте өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда, алардын аракети деген темада угуучуларды топторго бөлүп, аткарылуучу иш чараларды аткарышты.
Учар айылында жайгашкан №109 өрткө каршы бөлүгүнө барып, таанышып, практика жүзүндө жасалган жумуштарын көрүштү.
Окууга Билим берүү мекемелеринин 74 мугалим билим алышты.
Өткөрүлгөн окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ