Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан изин суутпай мал уурдоого аракет көргөндүгү үчүн 24 жаштагы Каракол шаарынын Т. уулу Калыс менен 20 жаштагы Ак-Суу районунун Челпек айылынын Ө. Майрамбек аттуу жашоочулары шектелишип кармалышты. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
3-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 06:00 чамаларында 33 жаштагы Каракол шаарынын тургуну А. Гүлзада телефон аркылуу белгисиз адамдар короосуна киришип, мал сарайынан бир баш уйун уурдоого аракет көрүшкөндүгүн билдирген. Билдирүү боюнча окуя болгон жерге барышкан тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери тез аранын ичинде шектүү адамдарды кармоого үлгүрүшкөн.
Тергөө учурунда шектүүлөр 23 жаштагы Каракол шаарынын тургунуна карата ээнбаштык аракеттерин көрүшкөндүгүн аныкташкан. Ошол эле күнү болжол менен саат 04.40 чамаларында, анын короосуна белгисиз эки адам кирип, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, үйүнүн терезесин сындырып кетишкен.
Жогорудагы фактылар боюнча Каракол ШИИБде катталып, шектүү катары кармалышкан Т. уулу Калыс жана Ө. Майрамбек өздөрүнүн күнөөлөрүн мойундарына алышкан. Азыркы мезгилде кармалган адамдар убактылуу-кармоочу жайына киргизилип, чогултулган материалдар Каракол ШИИБнин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ