Бүгүн Бишкек шаардык соту саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдин ишин кароону баштады. Сот жараянынын алгачкы күнү эле жактоочулар сотко эки ирет ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок алар четке кагылды.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыраткан. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.
Бирок прокуратура райондук сот саясатчыларга аз мөөнөт берип койгонун айтып, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. Башкы көзөмөл органы Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесилиши керектигин, аларга карата мунапыс берилбешин соттон суранган.
Соттолуучулар айыптоо негизсиз экенин айтып, бул бийликтин саясий куугунтугу деп билдирип келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ