Кечээ, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунда пневмониядан (өпкөнүн сезгениши) каза болгон Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатр дарыгери жерге берилди. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Замира Орунбаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, маркумдун туугандары анын сөөгүн алып кетишип, 5-апрелде, мусулманчылыктын эрежелерине ылайык жерге беришкен.
Маркум эки жолу ПЧР анализ тапшырган, натыйжыда эки жолу тең таажывирусу аныкталган эмес. Ошондуктан, аны эпидемиологиялык учурларда көмүү эрежелери боюнча эмес, мусулмандык ырым-жырымдар боюнча, тагыраагы, өзбек салттары боюнча көмүшкөн, анткени ал улуту боюнча өзбек болгон. Бирок карантинге байланыштуу маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакын туугандарынын тар чөйрөсү катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ