Menu

Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери тарабынан июль айында катталган кылмыш ишинин бетин ачышты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, тоноочулук менен алектенип жүргөн жаранды кармашты. Кылмышка шектүү адам коркутуу жолу менен жарандардан чоң суммадагы акча каражатын алгандан кийин, изин жашырып качып жүргөн.

Ушул жылдын июль айында таңкы саат 04:00 чамасында Сузак районунун Топурак-Бел айылынын жанынан белгисиз жарандар өтүп бара жаткан унааны токтотуп, айдоочусун тоноп кетишкен. “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жарандар таякчанын (МАИ таякчасы) жардамы менен “Хонда CRV» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан Баткен облусунун 30 жаштагы жашоочусун токтотушуп, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп дааныштырып, баш ийбөө фактысы боюнча коркутушуп, айдоочунун чоң суммадагы 250 АКШ долларын жана 3 миң сом акча каражатына коркутуу жолу менен ээ болушкан. Жабырлануучу окуя боюнча бир айдан кийин милиция кызматкерлерине кайрылган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында шектүүлөр айдап жүргөн “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунаа такталып, кылмыш ишине тиешеси бар Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалган. Тергөө учурунда кармалган жаран милиция кызматына эч кандай тиешеси жоктугу жана эч жерде иштебей тургандыгы аныкталан. “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда уурдалган мамлекеттик номур жана таякча табылган.

Азыркы убакта кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги такталууда жана жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар экинчи жаранды кармоо боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Кылмышка шектүүлөр мурда милиция кызматкерлеринин атын жамынышып, Ош-Бишкек жолунда башка айдоочулардан коркутуу жолу менен акча алып жүрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: