Балыкчы-Каракол унаажолунда автокырсык катталып, 4 адам көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда 2017-жылдын 8-сентябрь күнү саат 04:27де Балыкчы-Каракол унаа жолунун 112-чакырымында “Лексус-300” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В88-76AN жеңил унаа жолдон чыгып, оодарылып күйүп кеткен.
Өрт саат 05:30да толук өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам унаанын ичинен чыга алышпай тирүүлөй күйүп кетишкен. Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ