Ашхабад бийлиги Азия оюндарынын алдында көчө тазалоочуларды жашыл түстөгү майрамдык кийим менен ишке чыгууга милдеттендирди. Мындан ары көчө шыпырган аялдар чаң жана күндөн сактануу үчүн жоолук салына алышпайт.
Коммуналдык чарба кызматы кызматкерлердин айлыктарынын эсебинен алар үчүн атайын жашыл көйнөк тиктирүүдө.
Жайдын ортосунан бери көчө тазалагычтардын иши мурдагыдай таңкы 7де эмес түнкү 3тө башталат. “Ашхабадда тазалоо үчүн атайын техникалар жетиштүү болгонуна карабай, акыркы 2-3 айдан бери протоколдук көчөлөрдү аялдар шыпырып, жууп-тазалашууда”, -деди жергиликтүү жашоочулардын бири.
Маалыматтарга караганда, Олимпиада шаарчасынын айланасын тазалоо үчүн 30 жашка чейинки кызматкерлерди жөнөтүшүүдө. Мурда бул чөлкөмдө иштеген улгайган аялдарды Ашхабаддын башка аймактарына которушту.
Азия оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ