Menu

Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери бир катар тоноого шектүү жергиликтүү тургунду кармашты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлер тарабынан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катталган бир катар тоноо фактысына тиешеси бар шектүү жарандын өздүгү такталып, кылмыш иши сууй элегинде кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлерине 25 жаштагы С.А. аттуу Ноокен районунун тургуну арызы менен кайрылып, арызында 4-сентябрь күнү болжол менен саат 06:45 чамасында С.А. аттуу жумушка бара жаткан учурда, 35-40 жаштардагы бейтааныш адам күч колдонуу менен 9000 миң рубль акчасын жана “HUAWEI” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткендигин билдирген.

Көп өтпөй эле, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Ноокен районунун К.Б. аттуу жергиликтүү аялдын үйүнө жашы болжол менен 35-40 чамалардагы белгисиз жаран кирип барып, күч колдонуу менен колундагы “Самсунг” үлгүсүндөгү 10.000 сомдук уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган фактылардын негизинде Ноокен РИИБнин ыкчам-тергөө кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Ноокен районунун 1978-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну кармалган. Ушул жылдын 8-сентябрь күнү Ноокен районунун соту тарабынан 2 айга камакка алуу чечими чыккан.
Ошондой эле, кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде ушул жарандан жабырлануучулар бар болсо же маалымат билген болсоңуздар, төмөнкү номурга байланышсаңар болот.
Байланыш телефону: (03734) 5-00-59.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: