КР Улуттук илимдер академиясынын жамааты УИАнын корреспондент-мүчөсү, техника илимдеринин доктору, профессор Мавлянов Абдрахман Субанкуловичти 70 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!!
Билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси Абдрахман Субанкулович – 130дан ашуун илимий эмгектин, 3 иштелменин жана 4 монографиянын ээси. Окумуштуу эмгек жолун Фрунзе Политехникалык институтунда окутуучу болуудан баштап, Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-америка факультетинин деканы, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору кызматтарын да аркалаган. Учурда КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Ошондой эле Россия жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн Ассоциациясы кеңешинин төрагасы.
УИАнын жалпы эмгек жамааты Абдрахман Субанкуловичти 70 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, бакубат жашоо, илимий жетишкендиктерди жана ишине ийгиликтерди каалайт!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ