Menu

Шайлоого карата кырдаал курчуй баштады. Крим-дүйнө “королу” Камчы Көлбаев өзүнүн армиясын жыйып жыйналыш кылды

Бөлүшүү:

Кырдаал курчуй баштады. Азыртадан эле азуусун көрсөтмөй, тирешмейлер башталды. Эми шайлоо арааны күчөгөндө күтүүсүздөн буттан чалмай сыяктуу жигитчиликке жатпаган ыплас ыкмалар колдонулганы туру.

Бабанов менен Раим миллиондун тиреши Карасуудагы жергиликтүү шайлоодо эле башталып, арты Жогорку Кеңеште уланып атат. Эки тараптын жигиттери өз ара разборкаларга травмат пистолеттин ордуна боевой алып барганы айтылууда.

Олигарх талапкердин бири заман чалкештенип баратканын көрүп Дубайдан 170000 долларга ок өтпөс жолтандабас алдырганы тар чөйрөдө белгилүү болду.

Мурдагы күнү Нарындын чабал губери Аманбай атбашылык жана нарындык байларды жыйнап Сокебизди колдойлу деген масилети тегерегинде чай берди. Баргандардын кээ бири “ушу Амакени азыр Нарында ким укмак эле” деп нараазы болушуптур.

Крим-дүйнө “королу” Камчы Көлбаев дагы ушул жумада өзүнүн армиясын жыйып жыйналыш кылды. Күн тартибинде шайлоодо кимге иштейбиз маселесинен сырткары дагы ич ара непоняткалар териштирилди.

Баса, Камчы Көлбаев жакын арада эле кызын күйөөгө узатты. Ар бирибизде кыз бар, ага да бакыт каалайбыз.

Айтмакчы Камчынын кудасы баласына жана келинбаласына өкүл ата кылып белгилүү бир экс-башкы прокурорду койду. Анын аты-жөнүн жазбай эле койолу.

Ахмат менен Камчы Икрамдын проектиси болуш керек деп жаздым эле, алар Төрөбаев жана Мадумаров менен биригип жатканда. Чынында бул экөө Шоопур менен 2013-жылдан жакшы мамиледе экен…

Бүгүнкүлөр акчалуу талапкерлерди мыйзамдуу бекитилген үгүтчүлөрүн телефонун тыңшоого коюп, акча таратып жаткан жеринен кармап, аны менен талапкерди сотко берип шайлоо аламанынан алыс ыргытуу планын түзүп атышыптыр.

Андыктан айланайын үгүтчү тууган сак бол, камалып кетпе. Тиги бай талапкериң суудан кургак чыгып кетет.

Семетей Талас уулу

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: