Бишкек шаарында коомдук 102-маршрутка автокырсыкка учурап ичиндеги төрт жүргүнчү жабыркады. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-сентябрь күнү саат 09:25 чамасында Горький менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен “Митсубиси-Пажеро” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары “Мерседес” унаасындагы 4 жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ