Бишкек-Ош унаажолундагы кезектеги автокырсык 6 адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Кырсык Ноокен районунун Достук айыл аймагында 2017-жылдын 14-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 480-чакырымында “Ауди-100 C4”, “Ауди-100” жана “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжасында 5 адам окуя болгон жерде 5 адам, 1 адам ооруканада жан берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ