Menu

2 адамдын өмүрүн алган кырсыкта генерал А.Чотбаев кайсы машинаны айдап бараткан?

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрь күнү саат 17лер чамасында Бишкек — ​Балыкчы жолунун 39-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 адам окуя болгон жерден жан берген.

Кандуу окуя айланма (обьездной) жолдун Ивановка айылыны жакын жерде болуп өткөн. Мында Бишкектен чыгып бараткан “Тойота Ленд Крузер” маркасындагы джип автомашинасы менен “Мазда‑626” маркасындагы машиналар кагышкан. Ал күнү “Тойотаны” Улуттук гвардиянын мурдагы колбашчысы, 59 жаштагы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев айдап бараткан. Анын салонунда 3 жүргүнчү: 59 жаштагы Жумагүл, 60 жаштагы Замира жана 58 жаштагы Гульмира аттуу айымдар болгон. Соңку маалыматтар боюнча А. Чотбаев айымдарды Ысык-Көлгө алып бараткан.

Ал эми Кочкор районунан чыгып Бишкекке келе жаткан “Мазданы” 60 жаштагы Бейшенбек Ашыров башкарып, анын салонунда 4 жүргүнчү: 2006-жылы туулган Тынычбек кызы Айдай, 2008-жылы туулган Тынычбек уулу Адилет жана 25 жаштагы Каныбек, Адилет аттуу адамдар олтурган.

Окуя болгон жерден “Мазданын” айдоочусу Б. Аширов менен 9 жаштагы А. Тынычбек уулу каза болуп, 11 жаштагы Айдай оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми генерал А. Чотбаев колунан жаракат алып Бишкектеги № 4-ооруканада дарыланып жаткандыгы айтылууда. Анын салонундагы жүргүнчүлөр өтө катуу жабыркаган эмес.

Кырсык күндүзү, эл каттамы басылбаган жолдо болгондуктан көп адамдар окуяга күбө болушкан. Тартылган тасма, фотолор ошол эле күнү интернет булактарында жарыяланган. Бирок, каза болгон айдоочу Бейшенбек Ашыровдун уулу Таалайбек Ашыров маалымат каражаттарына кайрылып, генерал А. Чотбаев тарабынан атайын уюштурулган, чындыкка дал келбеген бир тараптуу маалыматтар таркатылып жаткандыгын айтуу менен ынанымдуу далилдерди келтирүүдө.

Мисалы, “AKИpress” агенттиги тарабынан төмөндөгүдөй маалыматтар жарыяланган:

1)“Лоб в лоб”: Водитель “Мазды” признался, что уснул за рулем и выехал на встречку. Водитель “Мазды 626”, которая лоб в лоб столкнулась с “Тойота Ландкрузер”, написал обьяснительную. Об этом AKИpress 12 сентября сообщили в пресс-службе ГУВД Чуйской области”.

2)“В ДТП погиб двое. “Мазда” направляясь в сторону города, не доезжая до 40 км трассы Бишкек-Торугарт “лоб в лоб” столкнулась с “Тойота”. В своей обьяснительной водитель “Мазды” указал, что он уснул и выехал на встречную полосу”, — ​сообщили в ГУВД”.

Ал эми “Sputnik Кыргызстан” интернет сайты мынтип жазат:

“… два человека погибли, семеро пострадали. Водитель “Мазды” признался, что уснул за рулем и поэтому выехал на встречную полосу. Следствие продолжается”, — ​рассказали в пресс-службе. Следователи ожидают результатов экспертиз, назначенных по факту…”

Экинчи далил: окуядан кийин “Тойотанын” мамлекеттик номерлери шашылыш чечилип алынгандыгы жана ал машина тууралуу бүгүнкү күнгө чейин так маалыматтардын айтылбай жаткандыгы. Т. Ашыровдун айтымында “Тойота” кырсыкка кабылган учурда Бишкек шаарында катталган 003 АЕ мамлекеттик номеринде бара жаткан.

Жогорудагы далилдерден кийин албетте, ойлонууга мажбур болобуз. Себеби, укук коргоо органдарынын окуя болгон күнкү маалыматтары боюнча “Мазданын” айдоочусу окуя болгон эле жерден каза болгон. Анын “обьяснительный” жазганга эмес, сөз айтууга чамасы келген эмес. Анда ошол эле мамлекеттик, болгондо да укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кайсы түшүнүк катты айтып, “мойнуна алдырып” жатат. Же баарына «жөндөмдүү» кыргыз милициясы моргтон түшүнүк кат жаздырып алды бекен? Мунун өзү чын эле бир тараптуу болуп, милиция генерал Чотбаевди алдын ала, экспертизанын корутундусу чыга электе эле “актап” жаткандыгынан кабар берип тургансыйт. Т. Ашыров коомчулукка мындай тескери маалыматтарды таркатып жаткан милиция кызматкерлери менен ММК өкүлдөрүн мыйзам чегинде сотко берээрин да айтууда.

Ал эми “Тойотага” келе турган болсок, 003 АЕ мамлекеттик номериндеги бул автомашина “МЕГАКОМ” уюлдук компаниясына тиешелүү экендиги айтылууда. Генерал А. Чотбаев акыркы мезгилдерде бул компаниянын кайтаруу кызматынын начальниги болуп турат имиш. Бирок, “МЕГАКОМ” мамлекеттик ишкана болгондуктан жана каргашалуу 2-сентябрь иш күнүнө туш келбегендиктен автомашина “МЕГАКОМДУН” гаражында токтоп туруусу тийиш болгондугу айтылууда. Чындап эле 31-августтан 4-сентябрга чейин өлкө аймагындагы бардык мамлекеттик мекеме-уюмдар менен ишканалар майрамдык дем алууда болгон эмес беле!?. Анда Чотбаевге “Тойотаны” минип жүрүүгө ким уруксат берди? Гараж башчысыбы? Же “МЕГАКОМ” жетекчилигиби? Же Чотбаев өз алдынча эле айдап качтыбы? Ысык-Көлгө айымдарды жеткирип барууга уруксаты бар беле? Дегеле, 3 айымдын “МЕГАКОМГО” кандай тиешеси бар же Чотбаевдин жеке тааныштары болгонбу? Албетте, суроо көп, жооп жок. Азырынча!

Эми, “Лоб в лобко” келели. Сүрөттөрдөн жана тасмалардан көрүнүп, такталып тургандай, машиналар бетме-бет кагылышкан эмес. “Тойотанын” оң жак крыло тарабы, ал эми “Мазданын” сол тарабындагы айдоочунун эшиги талкалангандыгы көрүнүп эле турбайбы! Анда, “лоб в лоб” дегенди ким ойлонуп чыгарды? Милициябы же журналисттерби? Эмне максатта?

Экспертизанын корутундусу чыга электигине байланыштуу сөздү кыскартып, окуяга күбө болгон дагы бир интернет колдонуучунун интернетке жарыялаган комментарийи менен жыйынтыктай туралы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: