Menu

Атамбаев добуштарды сатып алууга бөгөт коё алабы?

Бөлүшүү:

Буга чейин Алмазбек Атамбаев шайлоодогу эң коркунучтуу жоо – бул добуштарды сатып алуу экендигин бүт өлкөгө жар салды. Чындыгында эле добуштарды сатып алуу аркылуу президент болгусу келгендер акчалары менен Кыргызстанды сатып алууга аракет көрүшөт.

Элге акча керек, ошондуктан, бай талапкерлер тымызын жолдо «ар бир добушка акча төлөйм» деп убада беришери турган иш. Эгер мамлекет башына элден президенттик кызматты сатып алган адам келип калчу болсо, ал факт жүзүндө Кыргызстандын кен байлыктарын, сууларын, жерлерин сатып алды (!) дей бергиле, мындан да бай болуш үчүн ал «байлыктардын баарын сатсам боло берет» деп эсептейт. Кыргызстандын балдарынын келечеги аны кызыктырып да койбойт. Мамлекет балдарды ачкөз бизнесмендерден жана арзыбаган акчага өлкөнүн жана өз балдарынын келечегин сатып ийчү ата-энелерден коргой алабы?

Эмне, өлкөбүздө добуштарды сатып алууга тыюу салган мыйзам жокпу? Мыйзам боюнча өлкөнүн жана балдарыбыздын келечегин сатып алса боло береби? Ачык жана таза шайлоо деген – бул добуштарды сатып алууга бөгөт коюу, ошондуктан, президент Атамбаев «Кыргызстандын кожоюнубуз» деп эсептеген саясатчыларды тыюуга тийиш.

Президенттикке көзүн кызарткан үч-төрт талапкер шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен элден Кыргызстандын байлыгын каалагандай соодалоо укугун да кошо алышат. Кыргыздар өз өлкөсүн миллиардер бизнесменге сатабы, же адамдык намысын, балдарынын келечегин сактап калышабы – бул 2017-жылы 15-октябрда белгилүү болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: