Menu

Спортчулардын жетишкендиктери үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо мыйзамдаштырылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун баяндамасына ылайык, мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мыйзамдарын оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын спортчуларына спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо боюнча толуктоолор киргизилүүдө. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө стипендияларды төлөө «КР алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт, бирок КР мыйзамдарында бул норма каралган эмес.

Ошону менен катар эле дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорттук багыттагы коомдук бирикмелердин ишин жөнгө салуу жана тартипке келтирүү, анын ичинде каржылоо маселелери боюнча жана алардын ишинин сапатын жогорулатуу максатында колдонуудагы мыйзамдын 8-беренесине өзгөртүлөр киргизилип жатат. Колдонуудагы мыйзамдагы федерациялардын ишин координациялоочу жана каржылоочу орган федерациялар өздөрү болуп саналган коллизиясы четтетилүүдө.

Спортсмендерди даярдоо бөлүгүндө акредитациаланган дене тарбия жана спорттук коомдук уюмдардын КР Өкмөтүнө отчеттуулугу белгиленет.

Спорт зал, дене тарбия сабактары, каржылоо маселелери жаатында бир катар жагдайлар такталгандан кийин, мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: