Menu

Видео – Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Бийлик өкүлдөрү, бүгүн криминал силерге шайлоодон добуш алып берсе, эртең силер криминалдын бутун тазалайсыңар!

Бөлүшүү:

“Баарынан бийигирээк, мындан да ыйыгыраак маселе – бул Кыргызстандын келечеги. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, айткылачы, биз кайда баратабыз? Силердин сотто ишенген өкүлүңөр шылуундар – Маевский менен Модин, силердин инвесторлор – “Лигласс” шылуундар! Эми силердин саясатта ишенгениңер – криминал төбөлдөр! “ – деп билдирди кечээ, 21-сентябрда депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда.

“Силер кыргыз элине ишенбей, мобу жерде олтурган депутаттарды түрмөгө олтургузуп, түрмөдө олтурган төбөлдөрдү саясатка алып келдиңер! (сөөмөйү менен залды көрсөтүп – ред.) Кыргыз эли ушуну кечиреби? Силер Орто Азиядагы биринчи демократиялуу өлкө – Кыргызстанды экинчи Афганистан кылганы жатасыңар! Мынчалык молдокелер шайлоого аралашкан эмес. Фейсбукту карагылачы, эй, 100 жыл мурун Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановдор Кыргызстан муфтият курбайт, халифат курбайт, Кыргызстан светтик, укуктук, эгемен өлкө курат!  деген жолду тандап албады беле. Азыр силер ар бир мечитти филиал кылып алдыңар, штаб кылып алдыңар! От менен ойнобогула! Бүгүн криминал силерге шайлоодон добуш алып берсе, эртең силер криминалдын бутун тазалайсыңар! Бүгүн коррупционерлерден акча чогултсаңар эртең ошолордун кулуна айланасыңар. Бүгүн молдокелерди агитатор кылсаңар эртең силер Кыргызстандын келечегин – экинчи Афганистан кыласыңар! Административдик ресурсту колдонбойбуз дегениңер – бул жомок! Аны колдонгондо да чеги менен колдонгула. Монголиянын мурунку президенти шайлоодо бардык административдик ресурсту колдонсо да оппозициянын тарапкерине жеңилип калды”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Жалбырак ТВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: