Казак ырчысы Эрке Эсмахандын “Кайда” аттуу ыры “Ютуб” каналында Казахстан боюнча эң көп көрүүчү тапкан, өтө популярдуу ырлардын бири болууда. Чынында мындай популярдуу ырларды кайрадан жаңыртып ырдоо учурда модага айланып бара жаткандай. Негизи эле Казакстанда кайсы ыр популярдуу болсо ошол ырды аткара коймой, биздин кыргыз эстрадасынын кадимкидей эле адаты болуп калбадыбы. Казакстанда деле кыргыз ырчыларынын ырлары которулуп ырдалып, айтор эки эл ыр талаштан али чарчай электей. Ошондой дагы бир талашка түшкөн ыр жогоруда сөз болгон Эрке Эсмахандын аткаруусундагы “Кайда” ыры. Бул ырды кыргызчага которуп, Гүлназ Чыныбек кызы ырдап жаткан учуру. Бирок интернет айдыңында ыр талашка түшкөндүгү, биздикилер автордон 100 миң теңгеге ырды сатып алгандыгы жана казак боордоштордун нааразы болгондугу тууралуу сөз болууда.
Булак: “Фабула”
https://www.youtube.com/watch?v=czHW7ht2qsk
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ