Бозгундагы өзбек жазуучусу Нурулло Отаханов (Нуруллох Мухаммад Рауфхон) мекенине кайтып келүүнү чечти.
63 жаштагы жазуучу акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан. Ал Шавкат Мирзиёев чет өлкөдөгү мекендештерин өлкөгө чакыргандан кийин Ташкентке келүүгө бел байлаганын билдирди.
Түркияга ал эки жыл мурун Ferfir басылмасынын чакыруусу менен келген.
‒ Бул басылма жаңы китебимдин бет ачарына катышуу жана окурмандар менен жолугушуу үчүн чакырган. Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылып, бир нече убакыт Түркияга калууга туура келди. Бул аралыкта “Бул күндөр” аттуу китебим жарык көрдү, анда Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсү сынга алынган. Ушул китеп чыккандан кийин маселелер жаралды. Көптөгөн досторум Өзбекстанга кайтпай турууга кеңеш беришти, ‒ деди жазуучу.
2013-жылы жазуучу белгисиз себептерден улам «Мовароуннахр» басма үйүнүн директорлугунан жана «Хидоят» журналынын жооптуу редакторлугунан бошотулган.
Быйыл августта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев диний уюмдардын бир нече миң мүчөсү менен диссиденттер кара тизмеден чыгарын жарыялаган. Нурулло Отаханов дал ушул чечим мекенине кайтууга түрткөнүн баса белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ