Menu

Видео – Саясат таанучу: “Кыргызстандагы президенттик шайлоо 3 сценарий боюнча өнүгүшү мүмкүн, бирок алардын баары конфликтүү”

Бөлүшүү:

Чыгыш таанучу, саясат таанучу Александр Князев Казакстандын ZonaKz интернет-гезитине интервью берип, Кыргызстанда жүрүп жаткан Президенттик шайлоо өнөктүгүнө анализ жасоо менен окуялардын өнүгүшүнүн 3 сценарийин алдыга тартат.

Биринчи сценарий боюнча – 15-октябрдагы президенттик шайлоо бул 13 талапкердин 11ин оюндан сүрүп чыгаруу менен 2 гана талапкерди 2-турга калтыруу максатында өткөрүлөт. Экинчи турга Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков калышат да бийлик аны бардык күчтөрү менен колдоого алып Жээнбековду жеңишке алып келет. 2-тур ноябрдын башында өткөрүлүп, 1-турга караганда кызыктуу жана курч өтөт.

Экинчи сценарий боюнча – Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президенттикке өткөрө албашына көзү жеткенде Өмүрбек Бабановду колдоп кетет да Бабанов жеңишке жетишет.

Үчүнчү сценарий боюнча – эгер шайлоо бийликтин каалаганындай жыйынтык бербей калса анда, мыйзамдагы ар кандай жылчыктарды таап, шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табат да, кайрадан жаңы шайлоо дайындалат. Мындай учурда кыргыз мыйзамдары боюнча президенттик шайлоого катышкан бардык талапкерлер кийинки шайлоого катышууга акысы жок. Жаңы талапкерлер чыгат. Мыйзам боюнча мындай кайра шайлоого шайлоочулардын 5% катышса деле шайлоо мыйзамдуу деп табылат. Талапкерлердин кимиси катышкандардын эң көп добушун алса ал талапкер жеңип чыгат. Албетте 1-шайлоодон көңүлү калган шайлоочулар кайра шайлоого добуш берүүгө келишпейт да бийлик административдик ресурс менен ташып келген бюджетчилер бийликтин талапкерине добуш беришип, мураскер жеңип чыгат. Мындай учурда Атамбаев Сапар Исаков же Темир Жумакадыров сыяктуу саясатта салмагы аздарды алып чыгат да эптеп жеңишке жетишет.

Бирок бул үч сценарий тең өтө конфликтүү сценрийлер, күтүлбөгөн жерден чоң жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: ZonaKz

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: