Кыргызда «жандооч кийик аттырат» деген жакшынакай кеп бар. Ушул күндөрү эл депутаты, дипломат Руслан Казакбаев досу Өмүрбек Бабановдун штабын жетектесе дагы ар кандай саясый ыплас иштерге аралашпоо боюнча командага катуу буйрук бергени, шайлоочуларды, бир катар саясый күчтөрдү Кудай берген дипломаттык талантынын чеберчилигине салып, өздөрүнө тартуу менен катарларын күн сайын калыңдатып жатканынан кабардар болдук. Буга чейинки шайлоолордо да дал ушул Руслан Казакбаев «Республика» партиясынын штабынын жетекчиси катары унчукпай жүрүп үйдөй иштерди бүтүрүп, команданы татыктуу түрдө жеңишке алып келгенин эске алсак, бул сапар да дасыккан дипломат артындагы командасы менен Өмүкени ишенимдүү жеңишке алып келеби?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ