Алмаз Атамбаевдин 7-октябрдагы казактарга карата “казактарды казактар эмес, Чынгызхандын тукумдары башкарып жатат” деген акараат сөздөрүнөн кийин Казакстандын базарларында иштеген кыргыз мигранттарын казак милиционерлери тынымсыз текшерип, кыңк эткенин Казакстандан чыгара баштады. Кыргыз-казак чек арасында чек арачылары менен бажычылары кыргыздардын Казакстанга, Россияга алып бараткан товарларын өткөрбөй, кезек узарып, тыгынга айланып, сааттап жалдыратып жатат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Жалбырак ТВ
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ