Бүгүн, 11-октябрда Бишкек-Торугарт унаажолунун 375-чакырымында кезектеги унаа кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ага ылайык, кырсык саат 12:30 чамасында болгон. Анда “Мерседес-Бенц Спринтер” (жүк ташуучу) үлгүсүндөгү мамлекеттик № 19 56 ВС номериндеги унаа жолдон чыгып аласалып кеткен. Анын ичиндеги айдоочу 1985-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну М.У.Т. ошол жерден жан берген.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №45 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары айдоочунун сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ