Menu

Абдыкеримов менен Батырбеков ушунча да коркок болушабы?

Бөлүшүү:

Эл көзүнө демдүүдөй көрүнгөн Шаршенбек Абдыкеримов менен Алмазбек Батырбековдун ушунчалык коркок экенин эми билип атабыз. Канатбек Исаев камакка алынганга чейин шилекей алышкан достордон болуп жүрүшүп, башка жаманчылык түшкөндө жүздөрүн буруп кетишкени кандай? Эң кур дегенде коомчулук астында адилеттүү пикирлерин айтышып, достуктун үлгүсүн көрсөтүшсө не? Саясаттан түшүнүгү жок Батырбеков негизи Исаевди ээрчип жүрүп адам болду эле, эми табалагандай тетири кеткенин кантебиз? Ал эми курсагы кучак Абдыкеримовдун бизнесин дайыма калкалап, «тумшуктууга чокутпай» жүргөн Канат эмес беле? Эми досунун башына оор күн түшкөндө, бул эки эргул анык жүздөрүн көргөзүштү, мындай ойт берме, сатып кетме сапаттары менен эл астында кантип шым кийип жүрүшөт? «Айт» дегенде «уйт» деген мындайларды ит деле сыйлабаса керек, ыя? Канчага дейре акчанын жана кошоматчылыктын кулу болуп жүрөт экенсиңер?!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: