Menu

Назарбаев менен Исаковдун ортосунда толук кандуу эки тараптуу сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу сөз болгон эмес – Кыргыз өкмөтү

Бөлүшүү:

“Facebook социалдык  тармагындагы жеке баракчаларда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен чек ара өткөрүү пунктундагы абал боюнча сүйлөштү деген маалымат чыккан. Бирок толук кандуу эки тараптуу сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу сөз болгон эмес”. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты чыгарды.

Баарлашуу маалында Нурсултан Назарбаев маселени түшүнүү менен кабыл алып, аны чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берерин билдирген.

Буга байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин башка катышуучуларынын алдында тар чөйрөдө өткөн жолугушуусунда Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Президентине маселени ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирген. Ага жооп кылып Нурсултан Назарбаев кыргыз элине колдоо көрсөтүүгө жана эки тараптуу мамиленин бекемделишине кызыкдар экенин баса белгилеген.

Аталган факты боюнча коомчулукка маалымдаган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Казакстандын лидери менен болгон маектин мазмунун айтып, чек арадагы маселени тезирээк чечүүнү казак тарап түшүнүү менен кабыл алганын билдирген.

Кыргызстандын Өкмөтү казак тарап кыска убакыт аралыгында өздөрүнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы пландык чек ара операцияларын аяктап, ал жактагы иш ыргагы мурдагы калыбында уланарына ишеним артарын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: