Бугүн, 15-октябрда КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул туралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирд.и
«Биз бузууларды көргөн жокпуз. Биз барган шайлоо участкаларында бузууларды байкай албадык. Шайлоону майрамга айландырган адамдарды көрүп кубандык. Бардыгынын көңүлдөрү ачык болду. Бир шайлоо участкасындагы кабинада гүлдөрдү көрдүк. Бул абдан жагымдуу болду”-деп билдирди Александр Андреев.
Болгария Республикасынын өкүлдөрү алардын өлкөсүндө шайлоо кандай өтөөрүн айтып беришти.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын сөзүнө караганда, Кыргыз Республикасында шайлоо системасындагы реформада башкы көңүл ар бир шайлоочунун конституциялык укугун иш жүзүнө ашырып, эркин шайлоосуна мүмкүнчулүк берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо процессине активдүү катышуусу болду. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын биринчи жолу шайлоо участкаларында байкоочу болушту”-деди төрага.
Жолугушуунун акырында Болгария Республикасынын БШКсы Н.Шайлдабекованы Европадагы шайлоо системасы боюнча конференцияга катышууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ