Menu

Премьер-министр Сапар Исаков КМШ байкоочулар миссиясы менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков  КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев башында турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген  өлкөлөрдүн байкоочулар миссиясы менен жолукту. Бул туурасында Өкмоттүн сайтында айтылууда.

Сергей Лебедев маалымдагандай байкоочулар миссиясынын курамында Шериктештикке кирген 9 мамлекеттен 192 өкүл болгон. Алардын курамына парламентарий, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана дипломаттар кирген.

КМШ аткаруу комитетинин төрагасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө жогору баа берип, демократиялык нормаларга ылайык мыйзам чегинде ачык-айкын өткөнүн  билдирди.

«Өлкөдө шайлоо процессинде өзгөрүү чоң деп айтсак болот. Жарандар өз оюн ачык көрсөтө алышты. Шайлоо тилкелериндеги айрым кемчиликтер ыкчам түрдө чечилип жатты», – деди Сергей Лебедев.

Ошондо эле ал  Кыргыз Республикасы Шериктештикке кирген мамлекеттер арасында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча биринчи орунда турарын кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков КМШ байкоочулар миссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өкмөт башчы таза шайлоо өлкөдөгү туруктуулуктун жана өнүгүүнүн ачкычы экендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары Сапар Исаков  Кыргызстан КМШ менен кызматташтыкты бекемдөө багытында иш алып бара турганын кошумчалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: