Menu

Чоң-Алайда маркумдун үйүнөн ысык тамак берүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Мындан ары Чоң-Алайда маркумдун үйүнөн ысык тамак берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

24-декабрь күнү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча ысырапкорчулук менен  күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбекев, хатибият кызматкерлери, мечит имамдары жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Жыйында маркумду акыркы сапарга узатууда аза күткөн үйдө 3 күн мал жандык сойбоого, дасторкон жайып ысык тамак берүүгө тыюу салынды. Ал эми коңшулары тарабынан чогулган каражатка узак жолдон келген меймандар үчүн гана сый тамак берүүгө уруксат берилди.

«Маркумду акыркы сапарга узатууда айрым аймактарда тойдон да көп чыгаша болуп жатат. Кадимки эле сарпай кийгизген аймактар да жок эмес. Бизде алгачкы жолу ар бир мечитте беш адамдан турган комиссиянын негизинде ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча демилге көтөрүлүп, жүзөгө ашып турган кези. Колунда барлар тажыяга кеткен каражаттын ордуна кайрымдуулук иш-чараларга жумшасын. Алсак айылдагы көпүрөгө, жол салууга, суу чыгарууга сарптасын», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.

Белгилей кетсек, Даарот-Коргон айылында кечээ алгачкы жолу маркумду акыркы сапарга узатуу жогорудагы тартиптин негизинде жүзөгө ашырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: