Menu

Трамп шайлоо боюнча иликтөөлөрдү аягына чыгарууга убакыт жеткенин билдирди

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Американын шайлоо жараянына Кремлдин кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөрдүн тезинен аягына чыгышын каалайт. Бул тууралуу президент дүйшөмбүдөгү маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Президент Трамп иликтөөлөрдү аягына чыгарууга мезгил жетти, себеби мунун баары америкалыктарды тажатты деп эсептейт. Ал атайын прокурор Роберт Мюллер штаб кызматкерлери менен орусиялык өкүлдөр ортосунда кандайдыр бир кутум белгилерин таппаганын баса белгиледи.

Атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөдө. Америкалык атайын чалгындоо кызматтары Кремль бул саясий өнөктүккө таасир тийгизүү үчүн киберчабуулдарды жүргүзгөн деген бүтүмгө келген. Дональд Трамптын каршылаштары анын шайлоо штабы Кремль менен кызматташкан деп шектенишүүдө.

Президент Трамп демократтар 2016-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп калышканы үчүн “актанышууда” деп билдирди. Дональд Трамп мындан тышкары атайын прокурор Роберт Мюллерди кызматынан четтетүүнү караштырбаганын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: