Menu

Өзбекстанда камакка алынган журналисттин энеси президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында үч аптадан бери отурган 44 жаштагы журналист Бобомурод Абдуллаевдин апасы Гавхаржон Мадаминова президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, уулунун ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранды. Ал абактагы уулунун абалына тынчсызданууда.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев 27-сентябрда кармалган. Ошондон бери тергөөчүлөр аны апасына көрсөтүшө элек.

Гавхаржон Мадаминованын айтымында, 16-октябрда Өзбекстандын президентине жана Башкы прокуратурасына арыз жазып, баласынын ишин жеке көзөмөлгө алууну суранды. Ал жеке адвокаттар баласын коргоодон баш тартышканын, ага мамлекеттик жактоочу берилгенин белгиледи.

– Мага аны көрсөтпөй жатышат. Уулум менен жолугушуп чыккан мамлекеттик адвокат баары жакшы деп ишендирүүдө. Адвокат Бобомуродду урушкан жок деди. Анда мени эмнеге жолуктурушкан жок. Адвокат тергөө соңуна чыкканда гана көрүшүү болорун айтты, –деди журналисттин апасы.

27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев “мурунку жана учурдагы президенттерден бийликти тартып алууга” аракет жасаган деген негизде камакка алынган.

Тергөөнүн алдын ала тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист “Усман Хакназаров” деген ысым менен интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандык мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: