Menu

Сейитбек Бокошов: Жетимишке келип студент болгон жалгыз эле мен окшойм

Бөлүшүү:

“Абалак ордо” федерациясынын башчысы Сейитбек Бокошов ордо оюну дегенде ичкен ашын жерге кое чуркагандардын бири. Жакында эле өзүнүн  70ке келгенине карабай Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти болуп, учурда биринчи сессиясын жалаң «4» жана «5» деген бааларга тапшырып атканын өз оозунан уктук. Агабыздын мындай кадамдарга баруусуна эмне турткү болгонун да сурадык, жообу кызык болду.

– Сейит ага, суроону кабыргасынаан коёюн, 70 жашка келип студент болуунун кажети бар беле, эмне зарылчылыктан улам ушундай кадамга барып отурасыз?

– Мен буга чейин эки жогорку окуу жайды бүткөм. Өзүбүздүн политехникалык институттун технология факультетин 1974-жылы, жана Семипалатинскидеги технологиялык институпун эт технология факультетин. Эгемендик алган жылдарга чейин Нарын жана Кайыңды эт комбинаттарында иштедим.

– Эт комбинатта иштегендер «кулжебестер» менен «тоюттанып» толук болчу эле, сиз андай эмессиз…

– Мындан 40 жыл мурун кандай болсом, азыр да ошондой элемин. 80 килодон түшкөнүм жана семиргеним жок. Бала кезден эле спортко ынтызар болуп, 5-класстан баштап абалак менен ордо оюнуна ынтызарландым. Биздин Нарын облусунун баардык эле райондорунда, айыл-апаларында ордону күз-кыш жана эрте жазга чейин тынбай ойнойбуз. Ушу күнгө чейин ордо дегенде ойт берип, баарын таштап салам да оюнга чуркайм. Эгемендик алган алгачкы жылдары коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Ордо федерациясын негиздеп, негедир абалак менен ойнолчу жагы кирбей калган экен. Кандай себептер менен кирбей калганын билбейм, мүмкүн Нарын жана Ысык-Көл облусунун оюнчулары, федерация түзүлүп атканда катышкан эмес өңдүү…

Сөзүңүзгө аралжы, союз учурунда сиз айтып аткан абалак менен ордо аттуу мелдештери болчу беле?

– Мен билгенден 1954-жылы ордо оюну атайын улуттук спорттун түрү катары мамлекеттик программага кириптир, абалак жана томпой менен. Студент кезимде азыркы президент отурган Акүйдүн орду стадион болчу. Ошо жерде жайы-кышы дебей абалак менен ордо атышчу. Белгилүү инсандардан Асек Жумабаев баш, Орозбек Кутманалиев төш, Жапар Чабалдаев болуп алышып керээли-кечке ак топуракка ордо атаар эле. Дем алыш күндөрү оюнга аралашып калчумун. Кийинчерээк «Шоро» фирмасынын ээси Табылды Эгембердиев өзүнүн «Супарасында» баардык облустардан команда чогултуп, абалак менен ордо мелдешин өткөзгөн. Табылды менен таанышканымда «Абалак ордо» федерациясын түзөм. Томпой менен канатташ эле өткөзүп турам, ар бир облуска ордо оюну ойноло турган жабык оюн аянтчасын салам, ар бир мелдеште миллион сомго чейин байге куржунун жеткизем, көкбөрү оюнунун деңгээлине алпарам» деп айткан сөзү бар болчу. Табыкебиз ошо деңгээлге жеткизгиче көзү өтүп кетти. Оюн токтоп, федерация түзүү маселеси ачык бойдон калды. Анан бу маселени өзүм колго алып, мамлекеттик жаштар иши дене тарбия жана спорт агенттигине барып, «канткенде абалак менен ойнолчу ордону жандандырам» десем, а жердегилер «өзүнчө федерация түзүңүз. Жалпы ордо оюну алдында томпой менен биргеликте абалак түрү өзүнчө болуп калат» дешти.

– Токтоп туруңуз, Нуркамил Моңкошов аксакал экөөңөр 2015-жылдары чуркап жүрдүңөр эле да?

– Ат-Башынын Ак-Муз айылынан Нуркамил аке ордо оюнунун толук эрежесин чогултуп, курап жүргөн экен. Ошол эрежеге гана бир аз толуктоо киргизип, федерация ачуу үчүн талап кылынган баардык кагаз-документтерибиз менен Минюстан катталып, андан кийин спорт агенттигинен да аккредитациясынан толук кандуу өтүп, алар «эми мындан ары баардык республикалык мелдештерге катышып турасыңар» дешти. Биз ошо бойдон 2016-жылы экинчи Көчмөндөр оюндарына даярданалы десек эле агенттиктин жетекчиси «сиздер бу жолу көргөзмө (сыпаттама) иретинде оюн көргөзөсүңөр, томпой менен ойноло турган ордо гана оюн түрүнө кирди, кечигип калдыңар» деди.

– Быйылкы Көчмөндөр оюндарына да кирген жоксуңар го?

– Быйыл да мурунку жообун узатып, бир сөз менен «кечигип калдыңар» деп коюшту. 2017-жылы агенттиктин башчысы Канат Аманкулов мырза улуттук борбордун директору Токсонбай Асановго менин көзүмчө тапшырма берген, «ооба, баары болот» деп келип, Көчмөндөр оюндарына келгенде дагы болбой калды. Ошентип 2016-жылдан 2018-жылга чейин эки ирет убадаланып, эки жолу тең абалак ордо Көчмөндөр оюнуна кирбей, өгөйлөнүп эле калдык. Эмнебизден жаздык билбей турам.

– Бу жолу Көчмөндөр оюндарынан көрдүм да?

– Көрсөтмө катары уруксат беришип, анысы да түшкү тамактануу маалында эл жок учурда ойнодук. Бүт региондордон келген эки команданын оюнчуларын тамак-ашы, жатаканасы менен өзүм камсыздадым айлам кеткенде.

– Көчмөндөр оюндарына кирбей аткан жагдай боюнча жогору жакка кайрылып көрдүңөрбү?

– Кезинде өлкөнүн премьер-министрине, ЖКга кайрылгам. Менимче аларга жетпей эле кайрадан спорт агенттикке келет окшойт деп калдым, билбейм. Мындан эки күн мурун президент Сооронбай Шариповичке абалак менен ордо атуу оюну боюнча кайрылуу кат жолдодум.

– Сейит ага, эмне себептен 70 жашта студент болгонуңузду айтпай эле, ала качып кайда кирип кеттиңиз?

– Кайда болмок эле, ошол ордонун айынан студент болдум да. Анткени, үч жылдан бери ордо менен камыр-жумур аралашып, республиканын баардык аймактарына чейин кыдырып, жогорку билимдүү ордо адиси ушу кезге чейин жоктугунан, анан барып быйыл окууга тапшырып, 32 миң сом контрагын төлөп студент болдум да.

– Ээ кокуй, жок дегенде үйдөгү байбиче «койсоңчу, обу жоктонбой, аксакал болуп үйдө отур» деген жокпу?

– Дегенге болмок белем. Үйүмдөгү байбичем эмес, ага-тууган жек-жааттым ордо дегенде баарына кайыл экенимди билишет. Эч жакка чакырышпайт, аралаштырбайт, мен жокмун. Бир окуяны кыстара кетейин, бирөөлөргө «мен ордодо жүргөндө мага десе кайненем өлсүн, мага баары бир» деп койгом. Үч күндөн кийин ордо оюну башталды. Энемдин сиңдиси, бир тууган таежем каза болуп калды. А кишиге топурак салбай калдым. Адам деген абайлап сүйлөш керек экен. Оозума сала берген окшойт. Оюн бүткөндөн кийин барып куран окуттум. Бирөөлөр бийлесе, ырдаса, жаратылышка барса эс алат тура. А мен ордодон жыргайм. Баарын унутам, ичкенди, жегенди…

– А үйдөгү байбичени, жеңемдичи?

– Аны да унутам, баарын унутам.

– Анан кандай сгудент экенсиз?

– Мени менен бирге окуган студенттерден айырмаланып жакшы окуп атам. Буга чейин билбеген анатомия, информатика, гигиена сабактарын бирөөсүнөн да сабакты калтырбай, лекция, практика баарына катышуудамын. Мен үчүн кайрадан мектепке, институтка баргандай болуп, кызыгуум артып турган кез. Компьютерге мурда-кийин тиштеп алчудай жолочу эмесмин. Бүгүн бу жерге жолугушууга келер алдында өзүмдүн аты-жөнүмдү, өмүр баянымды, кимдер менен суу кечип, кимдер менен табакташ болгонумду жазып далалат кылдым, окшошту. Өзүмө убада берип атам, ар күн болбоду дегенде эки саат компьютерде отуруп, аркы-беркисин үйрөнөйүн деп. Мурун эле кокуй элем, таза болбой калдым. Азыр сессия башталды. Үч сабагымдан эл катары «орто» эмес «жакшы» деген бааларды алдым. Аракетим күч. Мен мунун аягына чыгам. Ата-бабадан келаткан абалак менен ордо атуу оюнун кыргыз элине кенен жайылтып, жогорку деңгээлге жеткизем.

– Сураштырып көрдүңүзбү, буга чейин бирөө-жарым 70 жаш кезинде студент болуптурбу?

– Сураштырдым. Буга чейин кыргыздарда болбоптур. Жанагы Элнура Кулуева карындашыбыз кыргыздын бешбармагын Гиннестин рекорддор китебине киргизбедиби. Мени да угуп калса ошо китепке каттатып коёт окшойт (тамаша), муну жазбай эле кой, мактанып атат дебесин…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: