Алмазбек Атамбаевдин жубайы биринчи леди Раиса Атамбаева өзүнүн биринчи айымдык милдетин жакшы аткарды. Абдан жөнөкөй болду, саясатка аралашкан жок, интригага башын салган жок. Жөн гана өз жашоосу менен жашап, тынч жүрдү. Коомчулуктун да купулуна толуп, жакшы сапаттары менен, сулуулугу менен элдин эсинде калды. Эми келерки президент болчу Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Сооронбаева Раиса айымдын жолун жолдоп кете алабы? Же кыргызчылыкка алдырып, Майрам Акаеванын жолоюна түшөбү? Мына бул суроо учурда коомчулуктун талкуусуна алынып жаткан кези. Эмнеси болсо да Айгүл айымга ыйман тилеп туралы. Калганын убакыт өзү көрсөтөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ