Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасындагы муктаж 240 үй-бүлөнүн ар бирине 1150 сомдук күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жардамы таратылып, айрым турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө акчалай да жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми 1 топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардамдар үйлөрүнө жеткирилди. Кайрымдуулук иш чарасы менен казыттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков жана Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов жеринен таанышып, уюштуручууларга ыраазычылык билдиришти.
Ал эми Көк-Жаңгак шаарынын баш имам хатиби Мирланбек ажы Алимбаев кайрымдуулук иш чарасы шаар тургуну Сарбашев Эркин Маманович тарабынан уюштургандыгын билдирип, Көк-Жаңгак шаарынын тургундары жана Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Малай айылынын, Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Маркай айылынын тургундары үчүн достук дасторкону жайылып, сый тамак уюштурулуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында достук дасторкону эл жана этностор арасындагы ынтымакты, биримдикти, достукту даңазалоо, жаштарды туура жолго тарбиялоо максатында уюштурулууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ