Menu

Баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильм тартылат

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө 120 -130 мүнөттүк толук метраждуу көркөм фильм тартылат. Ага кеминде 70-80 млн. сом талап кылынат. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чыгымдарды эсептеп чыккан КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  Каржы министрлигине кайрылган. Эми алардын берген жообу боюнча каржы булактарын табуу үчүн “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлүрдү киргизүү керек болот. Бул тууралуу маалыматтар Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-октябрдагы жыйынында айтылды.

Кино тартуу ишине ушул жылы 25 млн. сом, ал эми 2018-жылдын эсебинен 45 млн. сом карала тургандыгын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Ошондой эле ал, кино тартуу жаатында белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев тарабынан сунушталган сценарий бар экендигин айтып, анын чыгымы 210 млн сомго бааланарын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков,- “Курманжан” көркөм тасмасы 70 млн. сомго тартылса, эмнеге Кожомкул тууралуу тасма андан 3 эсеге кымбат бааланыш керек?- деген суроону койду. Министрликтин өкүлү азырынча бул айтылгандар сунуш гана, ал эми акыркы чыгуучу чечим сынактын жыйынтыгына жана бюджетте каралган каражатка жараша болоорун билдирди.

Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмди тартуу иши 2018-жылдын 30-июнуна чейин өндүрүшкө кирип калышы керек. Бул боюнча КР Өкмөтүнө каржы булактарын таап, ишти баштоо тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: