Таластагы акциялардын уюштуруучуларынын бири Айбек Мырза эгерде Атамбаев жума күнгө чейин кечирим сурабаса аталган облустун бардык жашоочулары тынчтык митингине чыгаарын айтты.
Бирок ушул убакка чейин мамлекет башчысы да, анын аппараты да үн каткан жок. Ал эле эмес, кечээ, 30-октябрда президенттин басма сөз кызматы Атамбаев эмгек өргүүсүн алгандыгын жарыя кылып койду.
Ал эми митингге даярдык Таласта 29-октябрда эле өткөрүлгөн. Анда шаардын борборуна миңге жакын киши чогулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ