Menu

Кыргызстанда нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук маалымат базасы түзүлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү максатында иштелип чыккан «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ырааттуу пайдалануунун негизинде нотариаттын ишин уюштуруунун заманбап формасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү төмөнкүлөр үчүн керек:

– нотариустардын ишинде пайдаланылган кызматтык маалыматтарды сактоо жана алмашууга багытталган ички маалыматтык ресурстарды түзүү;

– ички маалыматтык ресурстардын мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, кыймылсыз мүлктү, ага болгон укуктарды жана ага болгон бүтүмдөрдү, транспорт каражаттарын акырындык менен электрондук формага өткөрүү;

– «бир терезе» арыздык принцибинин негизинде административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу;

– нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумун республиканын бирдиктүү эсептик жана маалыматтык мейкиндигине интеграциялоо;

– жарандар жана уюмдар менен маалыматтык өз ара аракеттешүү, анын ичинде аларга ачык маалымат берүү;

– нотариустардын иш кагаздарын автоматташтыруу;

– нотариалдык аракеттерди жасоо жана нотариалдык күбөлүндүрүлгөн документтерди пайдалануу үчүн нотариустарга кайрылганда, жарандар менен уюмдардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо деӊгээлин жогорулатуу;

– нотариаттын ички электрондук документтерди айлантуусун киргизүүнү камсыздаган укуктук-ченемдик базаны калыптандыруу жана адаттагыдай кагаздык ишти жүргүзүү ыкмасын акырындык менен ага алмаштыруу;

– нотариалдык аракеттердин бирдиктүү электрондук реестрин түзүү жана нотариалдык документтердин электрондук архивин киргизүү;

– ички маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү эл аралык маалыматтык тутумдар менен интеграциялоо, өз ишинде нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумун пайдаланган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин нотариаты менен маалымат алмашуу маселелерин чечүү.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: