Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо туралуу расмий жыйынтыгын чыгарды. Бирок БШКнын торагасынын орун басары Атыр Абдрахматова бул жыйынтык менен макул болбой каршы деп добуш берген. Андан тышкары Абдрахматова буга каршы “өзгөчө оюм бар” деп билдирген.
Макул эместигин БШКнын мүчөсү төмөнкүдөй белгиледи.
“Мыйзам боюнча БШКнын мүчөөлөрүБШнын чечимдерине каршы болсо, өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу. Биз Гульнара Джурабаева менен бирге ушул укугубуздан колдондук. Каршы болгондугубуздун себеби – эн башкысы шайлоонун жыйынтыктарын бул бир гана добуш берүү күнүнүн негизинде чыгарып албай а толук шайлоо процессин камтыш керек. Шайлоо процесси төрт ай жүрдү. Ошол процесс кандай жүргөндүгү менен бирге чечим чыгарылышы керек. Биз төрт ай ичинде көптөгөн мыйзам бузууларды аныктап каршылыгыбызды билдирдик, – деди Абдрахматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ