Ош шаарында мүрзөдөгү эстеликтерди массалык түрдө талкалаган киши кармалганы дүң болду. 28 жаштагы адам диний ишенимдерден улам ушундай кадамга өзү жалгыз барганын айтууда. Ага карата «маркумдар көмүлгөн жерди мазактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн жакындары айыпталуучунун психикалык оорусу бар экенин айтса, айыл тургундары «мындай кылмышка барууга ашынган динчилдер түрткү болду» дешет. Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн Татар участкасында жалпы жонунан 51 эстелик талкаланган. Шектүүнүн айтымында, мүрзөлөргө орнотулган таштардан маркумдар кыйналууда. «Мындай ойго жергиликтүү дин кызматкерлери түртүшү мүмкүн» дешет тургундар. Мечитгерде «көрүстөндөргө эстелик орнотуу шариятка туура келбейт» деп көп айтыларын аймактын имамы дагы жашырган жок.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ