Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы ачык жана демократиялуу өткөрүлгөн президенттик шайлоолордун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековго кыргызстандыктардын жогорку ишенимин жана өлкөнүн жаңы Президентине зор үмүтүн ырастап тургандыгын баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ