Menu

Чуусу чубалган Аблязов…

Бөлүшүү:

1997-жылы негизделген “Банк Туран Алем” ААК (кийинчерээк БТА банк) үч милиондон ашуун активдери жана 200 миллион доллардан ашуун өзүнүн жеке капиталы болгон. Ошол учурдан жана кийинчерээк ал өлкөдөгү системага айланган үч ири банктардын бири катары ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Кирешеси дүркүрөп өсө баштаган банкты башкармалыктын төрагасы жана акционерлердин бири болуп саналган Ержан Татишев жетектей баштаган болчу. Мына ушундай шаңдуу күндөрдүн биринде, 2004-жылдын 19-декабрь күнү Ержан Татишев мергенчилик кылып жүрүп, капысынан каза болот. Анын кантип каза болгону тууралуу расмий маалыматта мындайча кабарланат: «Джип автомашинасын башкарып бараткан Ержан Татишев куралды жанында олтуруп бараткан Муратхан Токмадиге берген учурда машинанын дөңгөлөгүнүн жолдо катуу силкинүүсүнөн улам мылтык капысынан атылып кетип, ок банкирдин башына тиет да, ошол замат каза болот».
Бул окуя тууралуу кабар коомчулукка чагылгандай тарап, республикада, ар түрдүү имиш сөздөр, күмөн саноолор дароо эле тарап кетет. Мисал үчүн, окуя болгон учурдан үч күн өткөндөн кийин, “Литер” газетасында атайын макала жарыяланып, анда төмөнкүдөй жоромолдор жазылган:
«Жамбыл облусунун Ички иштер башкармалыгы жарыялаган пресс-релиздеги жана “ТуранАлем” банкынын офисинде уюштурулган пресс-конференцияда айтылган комментариялардагы маалыматтарды кылдат анализдегенден кийин, биз бул трагедиялуу мергенчиликти (кокустук окуя) катары айтууга, аны элге ошондой деп түшүндүрүүгө али эрте экенине көзүбүз жетип турат. Ержан Татишевдин чогуу иштеген кесиптештери анын (кандай гана иш болбосун, бардык жерде атаандаштары жана көрө албастары болгонун) журналисттерге билдиришти. Татишевдин бизнесинин өтө тездик менен өнүгүп баратканы, балким, кимдир бирөөлөрдү катуу тынчсыздандырып жаткан чыгар. “Литер” банкирдин өлүмүн көрө албастардын жасаган иши болушу керек деп божомолдойт. Жамбыл облусундагы биздин ишенимдүү булагыбыз бизге Татишевдин бизнес боюнча кызыкчылыгы өтө белгилүү олигархтыкы менен кагылышты деп маалымдады. Жеке биз Татишев рулда олтурбаган болуш керек деген ойдобуз. Анткени Ержандын бардык жоро-жолдоштору Татишевдин тажрыйбалуу мергенчи экенин, мергенчиликке жөнөгөндө ар дайым өзүнүн айдоочусу болоорун билишет жана айтып жүрүшөт. Ошондуктан, банкир рулда олтурган деп эсептөө — бул кандайдыр ойлоп табылган факт. Биздин булагыбыздын маалыматы боюнча, ошол күнү ошол машинеде айдоочу бар экени бул оюбузду тереңдетет. Бизди мындан көбүрөөк таң калтырганы — Е. Татишев өлгөн машинеде дагы бир жүргүнчүнүн болгону. Ал жөнөкөй адам эмес, албетте, анын ысымы ИИМдин маалымат базасында ОПГнын (уюшкан кылмыш тобунун) мүчөсү катары көп жылдардан бери тизмеде жүрөт. Көптөгөн криминалдык атышууларга катышканын Алматалык полиция айдан ачык билет. Бул авторитетке каршы бир эмес, бир нече жолу кылмыш иштери козголгон, бирок белгисиз себептерден улам ал кылмыш иштери ийгиликтүү жабылып кала берген. Тураналемовчилердин пресс-конференцияда банктын башкармачылыгынын төрагасын мергенчилик учурда (банк кызматкерлеринин катарындагы достору) коштоп жүрүшкөн деп билдиришкенин кантип түшүнсө болот? Казакстандык олигархтар качантан бери криминалдык авторитеттер менен коюн-колтук болуп, достошууда? Же Отардан он чакырым алыс жердеги алардын жолугушуусу Ержан Татишев үчүн атайылап уюштурулган күтүүсүздүк болгонбу?) Канчалаган адилеттүү фактылар жана далилдерге карабай, Муратхан Токмадини акташты, мергенчиликте болгон ишти кокустук окуя катары баалашты.
Ошондон бери, тактап айтканда 2004-жылдан ушу кезге чейин Токмадинин ысымына байланышкан эч кандай талаш-тартыш, жаңжал боло элек. Ооба, интернет аркылуу алматылык кылмыш тобунун тизмесин издеп тапса, Муратхан Тохмадиевдин аты-жөнүнө абдан окшош паспорттук маалыматтары менен жетинчи номерден көрсөң болот. (7.ОПГ (ДЕП.КОРПУС) Тохмадиев Муратхан Шакерханович, 02.08.1966 г.р кл. Мурка, Семипал. Обл. С. Аягуз в 1993 г. Задерживался за вымогательство работает в СП “Рахат”, заместитель генерального директора является вище-президентом Федерации бокса РК). Ержан Татишев каза болгондон кийин “ТуранАлем банкынын” директорлор кеңешинин тарагалыгына күтүлбөгөн жерден Мухтар Аблязов шайланып, бул банкта эч кандай менчик акциясы болбосо деле ошентип Аблязов аталган банктын түндүктөн түшкөн кожоюну болуп калат. Бирок кыңыр жол менен жашоону тандап алган жоругу көпкө уланбайт, ага 2009-жылы ири суммадагы акча уурдаганы үчүн издөө жарыяланган.
Ошондон бери БТА банк Казакстандын бардык финансы системасынын баш оорусу болуп калган. Аталган банктын мойнунда мөөнөтү өтүп кеткен абсолюттук кредиттер илинип турган. Кийин бул банкты өлкөдөгү эң ири үч банктын бири “Казкоммерцбанк” сатып алды. Бирок ал банк деле бул балээни жөнгө салалган жок.
БТА банк казакстандык башка ири банктардан айырмаланып, өзүнүн түпкү ээлерин эч качан жарыялаган эмес, акциялардын жарымы түрдүү оффшорлордун ээлигинде болгон. Ошол себептен, Ержан Татишевдин канча акциясы бар экени ушу кезге чейин белгисиз. Банкка дагы ким ээлик кылганы, Мухтар Аблязовдун канча акциясы болгону же болбогону да дайынсыз. Банкка ээлик кылуу укугун Аблязов эч кандай документ менен бекемдей алган эмес.
Азыр банкир Татишев жөнүндөгү фильмдин экинчи бөлүгү чыгып, анда Муратхан Токмади Татишевди өлтүргөнүн мойнуна алганы, жөн эле мойнуна албай өлтүрүүнү Мухтар Аблязов заказ кылганы чоң чуу жаратууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: