Бүгүн Челябинск шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу пландалууда. Анда мамлекет башчылар эки тараптуу маселелерди талкуулашат.
Андан соң эки президент Орусия менен Казакстан аймактарынын кызматташтыгы форумуна катышат. Быйыл 14-ирет өтө турган иш-чарага эки өлкөнүн министрлери, аймак башчылары жана ири бизнес өкүлдөрү дагы барары күтүлүүдө.
Жолугушуунун соңунда бир катар документтерге кол коюлуп, Орусия менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата билдирүү жасалат.
8-ноябрда Назарбаев Костанай облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуп, «Орусияга каршы киргизилген оор санкциялык шарттарда аны колдоо керектигин» айткан.
Украинага карата агрессия жана Крымдын аннексиясы үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга бир нече санкцияларды киргизген. Украинанын чыгышындагы 2014-жылдын апрелинен берки согуштук аракеттерден кеминде 10 миң киши мерт болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ