Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Айтмаматтын ордун ачык эле талашып жатыптыр. “Шайлоодо Сооронбайга иштегем, көп кызмат кылдым, Ош мэрлигин алышым керек” -деп. Учурда Айтмаматтын айласы кетип, “Сооронбайга мен деле өлгүдөй иштеп бербедимби” -деп сарсанаа. Айтор кимиси эмне кылып берсе да, Сооронбай мырза экөөнү тең тартипке чакырып, маселени чечпесе болбойт. Ок чыгарууга чейин бараары айтылып жатат. Сыягы көз тазаламайынча иш бүтпөйт окшойт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ