Menu

Сталбек Рахманов мыкты жигит, бирок…

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов кыйын жигит, билимдүү жигит, өсө турчу жигит. Керек болсо министр болгонго даяр жигит. Бишкек шаардык милициясына жетекчи болуп туура эле дайындалды, өз ордун тапты десек да болот. Бирок, бизде бирогу жок сөз жазбай калбадыкпы. Анысыңарындай Сталбек Рахманов Бишкек милициясынын адамдарга болгон мамилесине, коомчулукка болгон мамилесине анчейин көңүл буралбай жатат. Бишкек шаардык милициясына караштуу бардык ГОМ, РОВДларда иштеген жетекчилердин, милициялардын жүрүм-туруму жакшы эмес. Ороңдошот, акча сурашат, акча үмүт кылышат, бербесе коркутушат. Тергөөчүлөр ишти айдан айга сүйрөшөт. Тишинин кирин соргон карапайым адамдардан акча үмүт кылгандарычы, жанды күйгүзүшөт. Сталбек мырза өзүнүн башынан көп кыйынчылык өткөн адам. Барды-жокту түшүнөт. Эгерде милицияны карапайым адамдарды аяганды, аларга жардам бергенди үйрөтүп, жүрөктөрүнө жеткире алса Кудайга жаккан иш жасап, чоң соопко калаар эле. Бул деген ачуу чындык. Таанышы, акчасы жок каратаман адамдардын иши милицияга түшкөндө өлдү дей бергиле. Айрыкча мындай текеберчилик Биринчи май райондук милициясында орун алган. Бирок, Рахмановдун тиши Айбек Жайлообаевге өтпөйт. Анткени ал Мелис Турганбаевдин өкүл баласы. Эгер бир нерсе десе Генерал таарынып калышы мүмкүн…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: