Кара-Суу райондук милиция кызматкерлерине 54 жаштагы К.Н. аттуу Бөрү айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, 11-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында үйүнүн короосунда токтоп турган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кетишкендигин билдирген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, кылмыштын изин суутпай Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылынын К.Э. аттуу жашоочусу кармалган.
Ошондой эле, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө 12-ноябрь күнү болжол менен саат 01:30 чамасында Ала-Бука айылынан “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү автоунаа уурдалгандыгы тууралуу арыз менен 36 жаштагы Ш.Э. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын изин суутпай, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Чаткал районунун 38 жаштагы Э.М. аттуу тургуну кармалган.
Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иштери козголгон.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ