Иранда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 445ке жетти. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 12-ноябрынан 13-ноябрына караган түнү Иран ислам республикасы менен Ирак республикасынын чек арасына жакын жайгашкан Керменшах жана Илам провинцияларында очогунда магнитудасы 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 445 адам каза болуп, 7 миңге жакын адам жаракат алган. Акыркы убакыттарда магнитудасы 3,6-4,7 баллга чейин жеткен 20 жолу жер титирөө катталып, жергиликтүү тургундар көчөдө түнөшүүдө.
Иран ислам республикасынын президентти Хасан Роуханийдин буйругуна ылайык кырсык катталган жерде издөө иштери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Жабыркагандарды жеткирүү жана гуманитардык жардамдарды ташуу үчүн 145 даана тик учак тартылган. Жабырлануучулар тамак-аш, кийим-кече жана дары-дармектер менен камсыздалууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ