Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас райондук администрациясынын аппарат башчысы Айнабеков Алымбек Акматбекович менен жолугушуп, 14-ноябрдан 21-ноябрга чейин экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында ар бир айыл өкмөттүн базасында өткөрүлө турган түшүндүрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Бул туурасында КМДНын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эки тараптуу жолугушууда ысырапкерчиликке жол бербөө маселеси дагы көтөрүлүп, бул жаатта атайын тегерек стол уюштурулаары маалым болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ