Депутат Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылып, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Бул туураснда Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул маселе боюнча «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын да, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин да чечими бар экенин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ